51-берене. Коомдук иштер, камакка алуу түрүндөгү жаза чарасын алмаштыруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ›8-глава. Жаза чараларын колдонуунун жана аларды дайындоодон бошотуунун жалпы эрежелери
1. Ушул Кодекстин 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык коомдук иштер түрүндөгү жаза чарасын дайындоо мүмкүн болбогон учурда, сот жаза чарасынын бул түрүн берененин санкциясында каралган жаза чарасынын башка түрү менен алмаштырат, ал эми жаза чарасынын башка түрү жок болгондо же аны дайындоо мүмкүн болбогондо, коомдук иштер 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул салуу менен алмаштырылууга тийиш.
2. Ушул Кодекстин 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык камакка алуу түрүндөгү жаза чарасын дайындоо мүмкүн болбогон учурда, сот бул жаза чарасынын түрүн берененин санкциясында каралган жаза чарасынын башка түрү менен алмаштырат, ал эми жаза чарасынын башка түрү жок болгондо же аны дайындоо мүмкүн болбогондо, камак 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул менен алмаштырылууга тийиш.
3. Коомдук иштерди аткаруудан экиден көп жолу баш тартылган учурда, эгерде аны жасагандыгы үчүн 5 суткага чейинки мөөнөткө камакка алуу каралган болсо, сот жаза чарасынын бул түрүн камакка алуу менен алмаштырат, калган учурларда айып пул салуу менен алмаштырат.
4. Жаза чарасынын бир түрүн башкасына алмаштыруу ушул Кодекстин 56-главасында каралган тартипте сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)