300-1-берене. Банктар жана финансы-кредиттик уюмдар тарабынан керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VIII БӨЛҮМ›33-глава. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык жана башка ишти жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иши лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банк же финансы-кредиттик уюму тарабынан керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жоболорун бузуу -

банкка же финансы-кредиттик уюмга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)