276-берене. Кооптуу өндүрүш объекттеринде лицензиясыз (уруксат) же лицензиянын (уруксат) колдонуу шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш жүргүзүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›30-глава. Өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
1. Кооптууу өндүрүш объекттеринде лицензиясыз (уруксат) же лицензиянын (уруксат) колдонуу шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш жүргүзүү –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле жосун –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын талаптарын аткарбоо –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)