271-берене. Майда уурулук
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
09.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
VIII БӨЛҮМ›29-глава. Менчикти коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар
Башка бирөөнүн мүлкүн майда өлчөмдө уурдоо, башкача айтканда жашыруун алып коюу, –
жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 271–273-беренелеринде каралган аракет, эгерде уурдап алынган мүлктүн наркы укук бузуу жасоо учуруна карата мыйзамдарда белгиленген 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаса, майда өлчөмдө жасалган деп таанылат.