Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИКТЕН ТҮШКӨН КИРЕШЕЛЕР›34-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн алынуучу ижара акысы

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 99-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Мамлекеттик жана/же муниципалдык мүлккө ээлик кылуу же пайдалануу укугу бар, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген субъект төлөөчү болуп саналат, аларга төмөнкүлөр кирбейт:

1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо органдары;

2) өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары.

(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)