95-берене. Жыйымдын өлчөмү
10.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›32-глава. Аскердик милдетке байланышкан жыйымдар
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 95-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Альтернативдик кызматты өтөө, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү жана экинчи категориядагы запаска киргизүү менен аскердик кызматка чакыруудан бошотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөөнү карайт.
(КР 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)