93-берене. Аскердик милдетке байланышкан жыйымдардын түрлөрү
10.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›32-глава. Аскердик милдетке байланышкан жыйымдар
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 93-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Аскердик милдетке байланыштуу төмөнкүдөй жыйымдар алынат жана коргонуу муктаждыктарына жиберилет:
1) альтернативдүү кызмат өтөп жатканда;
2) мобилизациялык резерв жыйындарынан өтүп жатканда;
3) аскердик кызматка чакыруудан бошотулганда.
(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)