87-берене. Төлөөчү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›29-глава. Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 87-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат:
1) белгиленген лимиттердин чегинде суу ресурстарын пайдаланууну (айыл чарба өндүрүшүндө, токой чарбасында, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында сугат үчүн пайдалануудан тышкары);
2) суу ресурстарын лимиттен ашык жана сарамжалсыз пайдаланууну;
3) (КР 2023-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)