76-берене. Төлөөнүн тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›24-глава. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 76-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Жеке жактар - ишкердик иш үчүн багытталбаган турак жай курулуштарынын ээлери ар бир жашоочу үчүн жыйым төлөйт.
2. Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бекитилген аянтты жана жумушчулардын санын эсепке алган ставканын өлчөмүндө жыйым төлөшөт.
Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн акыны мындай мүлк бекитилип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт.
3. Жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы белгилеген мөөнөттө тийиштүү жергиликтүү бюджетке төлөнөт.