70-берене. Жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›22-глава. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 70-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым белгиленген тартипте тийиштүү лицензияны алгандан кийин 30 календарлык күндүн ичинде төлөнөт.
2. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым алкоголдук продукцияны саткан субъекттер тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү лицензия алгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде продукцияны саткан жеринде төлөнөт.
3. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны сатуу ушул жыйымды төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт.
4. Жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.