Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›21-глава. Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 67-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Атайын жабдылган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан ушул максаттарда бөлүп берилген жерлерде автомашиналарды токтотуу жана токтотуучу жайларды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар жыйымдарды төлөөчүлөр болуп саналат.