66-берене. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымдан бошотуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›20-глава, Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 66-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымды алуудан Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган төмөнкүдөй жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар бошотулат:

1) табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин -жоюуга багытталган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан жактарга бекер таратуу үчүн арналган, же болбосо, ушул эле максаттарда коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүү үчүн арналган товарларды ташыган;

2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгон;

3) коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыздоо максатында пайдаланылуучу, өрттөн коргоо, медициналык тез жардам кызматынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн атайын багыттагы, ошондой эле жолдорду жана жол инфратүзүмдөрүн иштетүү жана техникалык жактан тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.