61-берене. Төлөөчү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›19-глава. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүү үчүн жыйым
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 61-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүшкөн Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын ээлери төлөөчү болуп саналат.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар - автомобиль жолдорунун башка автомобиль жолдору, аккан суулар, тоо кыркалары, аңдар менен кесилишкен жерлериндеги, ушундай жол кыймылына тоскоолдук болуп саналган жерлердеги (көпүрөлөр, өткөөл жолдор, өткөргүч түтүктөр, тоннелдер, эстакадалар жана башка ушул сыяктуу курулмалар) транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн арналган курулмалар.
3. Автомобиль жолдорундагы жүрүү үчүн жыйым алынуучу жасалма курулмалардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.