Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›161-глава. Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, кайра каттоо жана Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жыйымдар

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 56-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган, Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталууга же кайра катталууга арыз берген адам төлөөчү болуп саналат.

(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)