Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›16-глава. Товардык кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 55-статьясы, 06.08.2026 редакциясы.

Товардык кампаларды жана кампа күбөлүктөрүн жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык товардык кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү алууга талапкер болгон юридикалык жак төлөөчү болуп саналат.