Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР›121-глава. Тастыктамалоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 47-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Жыйымды төлөөчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында тастыктамалоо жол-жобосунан өткөн (эксплуатанттын тастыктамасын, аэродромдун жарактуулук тастыктамасын, учууга жарактуулук тастыктамасын, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча уюмдун тастыктамасын, аэронавигациялык тейлөөнү берүүчүнүн тастыктамасын, жарандык аба кемесинин тибинин тастыктамасын, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелерин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү, жарандык авиациянын авиациялык окуу борборунун тастыктамасын, авиация персоналынын күбөлүгүн, аба кыймылын тейлөө диспетчеринин күбөлүгүн, учуучу экипаж мүчөсүнүн күбөлүгүн, экипаж мүчөсүнүн күбөлүгүн берүү, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, алмаштыруу) жана талаптардын жана стандарттардын аткарылышын көзөмөлдөө жол-жобосунан өткөн жеке жана юридикалык жактар саналат.