42-берене. Төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечимдин мазмуну


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

V БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕНИН АДМИНИСТРАТОРУНУН ЖЕ БАШКЫ АДМИНИСТРАТОРУНУН АРАКЕТИНЕ ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИНЕ ДАТТАНУУ›11-глава. Даттанууну кароо тартиби жана даттануу берүүнүн натыйжалары

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 42-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) чечим кабыл алынган дата жана жер;

2) даттанууну караган органдын аталышы;

3) төлөөчүнүн фамилиясы жана инициалдары же болбосо толук аталышы, арыз ээсинин дареги;

4) төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери;

5) аракеттерине даттануу түшкөн органдын аталышы;

6) даттанылып жаткан чечимдин реквизиттери жана кыскача мазмуну;

7) даттануунун маңызы;

8) чечимдин негизин түзгөн жүйөөлөрдү жана фактыларды келтирүү;

9) ушул Кодекстин, мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын ченемдерине шилтемелер;

10) кабыл алынган чечим;

11) чечими даттанууга түшкөн органга тийиштүү тапшырма.