38-берене. Салыктык эмес кирешенин администраторунун же башкы администраторунун чечимине даттанууну кароочу органдар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

V БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕНИН АДМИНИСТРАТОРУНУН ЖЕ БАШКЫ АДМИНИСТРАТОРУНУН АРАКЕТИНЕ ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИНЕ ДАТТАНУУ›10-глава. Салыктык эмес кирешенин администраторунун жана башкы администраторунун аракетине же аракетсиздигине даттануу тартиби

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 38-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Текшерүү жүргүзгөн органдын чечимине салыктык эмес кирешенин төлөөчүсүнүн, администраторунун, башкы администраторунун салыктык эмес кирешени чегерүү жана төлөтүп алууга тийиштүү даттанууларын кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жүргүзүлөт.

2. Администратор тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз, толук эмес жана өз убагынан кечиктирип аткарылгандыгына даттанууларды төлөөчүлөр башкы администраторго жөнөтүшөт.