29-берене. Салыктык эмес кирешелерди жыйноону контролдоонун формалары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ТӨЛӨӨНҮ КОНТРОЛДОО ЖАНА ӨЗ УБАГЫНДА ТӨЛӨБӨГӨНДҮГҮ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК›8-глава. Салыктык эмес кирешелерди төлөөнү контролдоо тартиби. Салыктык эмес кирешелерди төлөө үчүн контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 29-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салыктык эмес кирешелердин төлөнүүсүн контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) салыктык эмес кирешелердин тиешелүү бюджетке түшүүсүн эсепке алуу;
2) салыктык эмес кирешелерди бюджетке чегерүүнүн жана төлөөнүн толук жана өз убагында жүргүзүлгөндүгүн текшерүү.
2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүн эсепке алууну салыктык эмес кирешелердин администраторлору же болбосо башкы администраторлору жүргүзөт.
3. Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча салык кызматынын органдары ушул Кодексте каралган учурларда кошуп эсептөөлөрдү, келип түшүүлөрдүн эсебин алууну жана мажбурлап өндүрүп алууну жүзөгө ашырышат.
4. Төлөөчүлөрдүн салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүү администраторлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүү башкы администраторлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Салык кызматынын органдары башкы администраторлордун, ошондой эле башкы администраторлору жок болгон администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүүнү ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүзөгө ашырат.
7. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым, сынам жыйымы жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча ушул Кодекстин милдеттенмелерин жана талаптарын төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусун текшерүү салыктык текшерүүлөрдү дайындоо, жүргүзүү жана аяктоо тартибин жана жол-жобосун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган ченемдерге ылайык салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Салыктык эмес кирешелер боюнча башкы администраторду жана/же администраторду текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы текшерүүнүн толук кандуулугу үчүн мааниси бар жагдайларды тактоо максатында салык мыйзамдарында каралган ченемдерге ылайык текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)