19-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме
10.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
III БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕ ЖАНА КАРЫЗ›5-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 19-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме болуп салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген жагдайлар болгондо төлөөчүнүн Бирдиктүү казыналык эсепке салыктык эмес кирешени төлөө милдети саналат.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме акчалай милдеттенме болуп саналат.