17-берене. Салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ТӨЛӨӨДӨ КЕЛИП ЧЫГУУЧУ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕРДИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ›4-глава. Салык кызматынын органдарынын, салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун жана администраторлорунун укуктары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 17-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте каралган учурларда салыктык эмес кирешелерди төлөөнү эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында табылган бузууларды жоюуну талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
3) ушул Кодексте каралган негиздер боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп берүү жөнүндө доо арызын сотторго берүүгө;
4) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча администраторлордун текшерүүлөрүн жүргүзүүгө.
2. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төлөөчүнүн кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын сактоого;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;
3) төлөөчүлөрдүн салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө;
4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылыш фактыларын тастыктоочу документтердин 6 жыл аралыгында сакталышын камсыз кылууга;
5) ушул Кодекске ылайык белгиленген тартипте жана мөөнөттө отчетторду түзүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
6) башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууга жана отчет жүргүзүүгө;
7) салыктык эмес кирешелердин администраторлору тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз, толук эмес жана кечиктирилип көрсөтүлүшүнө карата төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого;
8) ушул Кодекстин 16-беренесинде каралган салык кызматынын органдарынын талаптарын аткарууга;
9) администраторлор тарабынан салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сакташын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
10) жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү салыктык эмес кирешелер боюнча отчетторду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу органына берүүгө.