150-берене. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу ченемдеринин өлчөмдөрү жана аларды төлөө тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
XIII БӨЛҮМ. БАШКА САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР›54-глава. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 150-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу наркынын ченемдеринин өлчөмү жана аларды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын наркын толтуруу үчүн алынуучу каражаттар жер участоктору берилген жеке жана юридикалык жактар тарабынан, аларга жер участокторуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер берилгенге чейин, республикалык бюджетке которулат жана төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) жаңы жерлерди өздөштүрүүгө;
2) пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялоого;
3) жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга;
4) жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялоо, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин аткарууга.