15-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ТӨЛӨӨДӨ КЕЛИП ЧЫГУУЧУ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕРДИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ›3-глава. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчү
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 15-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери төмөнкүчө аныкталат:
1) ушул Кодекс менен;
2) төлөөчү менен анын өкүлүнүн ортосунда түзүлүүчү жарандык укуктук келишим менен;
3) төлөөчү өзүнүн өкүлүнө берген ишеним кат менен.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча укуктук мамилелерде төлөөчүнүн катышуусу менен байланышкан төлөөчүнүн өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги катары таанылат.
3. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы, ошондой эле жашы жете электер жана ишке жөндөмсүз адамдар төлөөчүнүн өкүлү боло албайт.
4. Жеке нотариус нотариалдык аракеттерди жасоодо жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө төлөөчүнүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча өкүлү боло алат.
(КР 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)