Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

XIII БӨЛҮМ. БАШКА САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР›53-глава. Ыктыярдуу трансферттер

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 147-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Жеке жана юридикалык жактар кайрымдуулуктар жана гранттар түрүндөгү төгүмдөрдү республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттин кирешесине ыктыярдуу тартипте төлөй алышат.

2. Республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине акчалай түрдөгү каражаттарды ыктыярдуу түрдө төккөн жеке же юридикалык жактар төлөөчүлөр болуп саналат.

3. Накталай түрдөгү ыктыярдуу трансферттер бул каражаттар өткөрүп берилген тийиштүү органдын балансында чагылдырылат.

4. Ыктыярдуу трансферттердин түшүүсүн эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.