140-берене. Мамлекеттик алымды төлөө тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
X БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМ›49-глава. Мамлекеттик алымдардын түрлөрү жана аларды төлөөнүн тартиби
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 140-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган финансылык-кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар аркылуу же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык алыстан/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен накталай акча каражаттары менен төлөнүшү мүмкүн. Бардык төлөмдөр улуттук валютада жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды кабыл алуу белгиленген формадагы квитанция же төлөмдү тастыктаган документ берүү аркылуу жүргүзүлөт.
Мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген эсептик көрсөткүчтүн эселенген өлчөмүндө белгиленет.
2. Эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөп берет.
3. Мамлекеттик алым алымды алуу аракеттери жасалганга чейин же болбосо документтер берилгенге чейин төлөнөт. Сотко кайрылган учурда, мамлекеттик алым доо жана башка арыздарды жана даттанууларды берүү учурунда алынат.
Эгерде сотко арыз же даттануу берген адам талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүчтү тиркесе, анда мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы төлөнөт. Тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнөт.
Нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күнү төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 222, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 18-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)