Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИКТЕН ТҮШКӨН КИРЕШЕЛЕР›38-глава. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акцияларга (үлүшкө) дивиденддер

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 109-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык болгон акциялардын (үлүштүн) дивиденддерин төлөөчү болуп уставдык капиталында мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катышкан чарбалык коом эсептелет.

2. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык акциялардын (үлүштүн) дивиденддери - салык салынгандан кийин, мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ага таандык акцияларынан (үлүштөн) киреше түрүндө ала турган чарбалык коомдун таза пайдасынын бөлүгү.