Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИКТЕН ТҮШКӨН КИРЕШЕЛЕР›35-глава. Жерлерди ижарага берүү акысы

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 102-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Жер пайдалануучу, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык, ошондой эле жер участокторун ижарага берүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар төлөөчү болуп саналат.

(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)