10-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөттөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›2-глава. Салыктык эмес кирешелердин системасы

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 10-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөттөрү ушул Кодекстин талаптарына жараша, салыктык эмес кирешелердин ар бир түрүнө карата өзүнчө белгиленет.

2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөттөрүн бузуу төлөөчүнү укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)