353-берене. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүнүн мөөнөттөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН СОТ АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ›40-глава. Кассациялык инстанция сотундагы өндүрүш

1. Кассациялык даттануу (сунуштама), эгерде мыйзамда башкача каралбаса, апелляциялык инстанциядагы сот актысы чыгарылган күндөн баштап үч айдын ичинде берилиши мүмкүн.

2. Талаштын маңызы боюнча эмес кабыл алынган соттун аныктамасына даттануу берилгенде кассациялык даттануу отуз күндүк мөөнөттө берилет.

3. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүнүн өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөтү ушул Кодекстин 127-беренесине ылайык кассациялык инстанциядагы сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

4. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тиешелүү соттук коллегиясынын сот актысында өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу көрсөтүлөт.

5. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартылган учурда кассациялык даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 357-беренесине ылайык кайра кайтарылууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)