54-берене.
03.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
05.05.2021 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
V ГЛАВА. ЖАРАНДЫК. ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 54-беренеси, 05.05.2021 редакциясы.
1. Ата Мекенди коргоо - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзам менен белгиленген чектерде жана шарттарда аскердик кызмат өтөшөт. Аскердик кызмат өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдик кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен аныкталат.