Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

05.05.2021 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН САЯСИЙ НЕГИЗДЕРИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-беренеси, 05.05.2021 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго - Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануунун тартиби мыйзам менен белгиленет.

2. Бишкек шаары - Кыргыз Республикасынын борбору.

Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп саналат. Республикалык маанидеги шаарлардын статусу мыйзам менен аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом болуп саналат.