211-5-берене. Соттун чечими жана аны аткаруу
Булагы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын маалымат базасы
IV БӨЛҮМ. ИШТЕРДИН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫ БОЮНЧА ИШ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ>231-глава. Аткаруу документтерин аткарууда сот аткаруучунун же жеке сот аткаруучунун чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) каршы чыгуу боюнча иштер боюнча өндүрүш
06.10.2026-жылы өзгөртүлгөн Кыргыз Республикасынын Административдик жол-жоболук кодексинин (КР АПК) 211-5-беренеси.
1. Сот арызды негиздүү деп таап, сот аткаруучунун же жеке сот аткаруучунун жарандын (уюмдун) укуктарын жана эркиндиктерин бузууну же жарандын (уюмдун) өз укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдукту толук жоюу милдети жөнүндө аныктама чыгарат.
2. Эгерде кызыкдар тараптар апелляциялык арыз (сунуштама) бербесе, соттун чечими чечим чыгарылган күндөн тартып он күндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Соттун чечими мыйзам бузууну жоюу үчүн, соттун чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылып жаткан сот аткаруучуларынын бөлүмүнүн башчысына же соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде жогору турган органга, кызмат адамына же жеке сот аткаруучуга жөнөтүлөт.
4. Чечим административдик-процесстик мыйзамдарда жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган эрежелерге ылайык аткарылат.
5. Эгерде сот талашылып жаткан чечим же аракет (аракетсиздик) мыйзамга ылайык чыгарылгандыгын же жасалгандыгын аныктаса, арызды канааттандыруудан баш тартат.
(Кыргы Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдары менен редакцияланган)