211-3-берене. Сот аткаруучунун же жеке сот аткаруучунун чечимине жана аракетине (аракетсиздигине) каршы чыгуу жөнүндө арыз берүү
Булагы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын маалымат базасы
IV БӨЛҮМ. ИШТЕРДИН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫ БОЮНЧА ИШ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ>231-глава. Аткаруу документтерин аткарууда сот аткаруучунун же жеке сот аткаруучунун чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) каршы чыгуу боюнча иштер боюнча өндүрүш
06.10.2026-жылы өзгөртүлгөн Кыргыз Республикасынын Административдик жол-жоболук кодексинин (КР АПК) 211-3-беренеси.
1. Сот аткаруучунун же жеке сот аткаруучунун чечимине жана аракетине (аракетсиздигине) аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же мындай чечим, аракет (аракетсиздик) менен укуктары жана кызыкчылыктары бузулган адамдар даттанышы мүмкүн.
2. Сот аткаруучунун же жеке сот аткаруучунун чечимине, же алардын аракеттерине (аракетсиздигине) каршы чыгуу жөнүндө арыз сотко чечим чыгарылгандан же жасалган аракеттен (аракетсиздиктен) кийин он күндүн ичинде, же болбосо укуктары жана кызыкчылыктары ушундай чечим менен бузулган жаран же уюм, аракет (аракетсиздик) бузуу жөнүндө билген күндөн тартып берилиши керек. Арыздын көчүрмөлөрү бардык кызыкдар тараптарга, анын ичинде кызматкери талаш-тартыштуу чечим чыгарган же талаш-тартыштуу аракетти (аракетсиздикти) жасаган сот аткаруучуларынын кызмат бөлүмүнө же жеке сот аткаруучуга алдын ала жөнөтүлүшү керек.
3. Сотко белгиленген мөөнөттө доо арызын бербөө соттун доо арызды кабыл алуудан баш тартуусуна негиз болуп саналбайт. Мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн себептери сот отурумунда такталат жана доо арызды четке кагууга негиз болушу мүмкүн.
(Кыргы Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдары менен редакцияланган)